Жаңылыктар
Аламүдүн районунда жаңы мектеп ачылды
Билим
Аламүдүн районунда жаңы мектеп ачылды

Аламүдүн районунун Октябрь айылында 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп ачылды. 

2015-жылы башталган мектептин курулушу ушул жылдын октябрында аяктаган. 

Билим очогунун ачылышына Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышып, Президенттин атынан 200 миң сом өлчөмүндөгү сертификат тапшырды. 

Жыл аягына чейин 80 жаңы жалпы билим берүү мекемелеринин курулушу аяктоо алдында турат.