Жаңылыктар
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулу 146 633 ымыркайга төлөндү
Кыргызстан жаңылыктары
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулу 146 633 ымыркайга төлөндү

2023-жылы "Балага сүйүнчү" жөлөк пулу 146 633 ымыркайга төлөнүп, ага республикалык бюджеттен 584 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда, бул сумманын ичинде бир эле мезгилде үч эм жана андан көп төрөлгөн бөбөктөргө берилген акча да бар. 2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы "балага сүйүнчү" жөлөк пулун каржылоо 61,2 миллион сомго көбөйгөнү кошумчаланды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 000 сом чегерилет. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда "сүйүнчү акча" ар бир бөбөккө 50 000 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.