Жаңылыктар
Кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалы өтөт
Маданият
Кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалы өтөт

Декабрь айында Бишкекте өтө турган "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" VI эл аралык кинофестивалга билдирме тапшыруу мөөнөтү аяктады.

 Быйыл фестивалга катышуу үчүн чет элдик режиссерлордон 200, ал эми жергиликтүүлөрдөн 80 арыз түшкөн. 

Кинофестиваль эл аралык жана улуттук сынак болуп эки багытта өтөт. Анын ар биринен "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстардын сүймөнчүгү", "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" номинациялары боюнча фильмдер тандалып алынат.