Жаңылыктар
ИИМге жаңы техника тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМге жаңы техника тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине барып, жаңы техника тапшырган иш-чарага катышты. Акыркы эки жыл ичинде милициянын 200дөн ашык имараты оңдолуп, жаңыртылганын айткан өкмөт башчы, бүгүнкү күнү милицияга мурда болуп көрбөгөндөй шарт түзүлгөнүн баса белгиледи. Расмий иш-чарага ички иштер тармагында бир нече жыл иштеген кызматкерлер, генералдар клубунун мүчөлөрү да катышып, министрликтин аллеясына бак отургузушту.