Кыргызстанда акыркы мезгилде бүйүр кызыткан көк бөрү оюнуна кызыккандардын саны арбыды. Алардын катарында Баткен районунун Боз-Адыр айылынын тургуну 15 жаштагы Гулнур Абдимаматова да бар. Ал жаштайынан ат үстүндө чоңойгон. Мындан улам айылда өткөн той-аштарда мырзалар менен тең ата ойноп, улакчы кыз атка конгон.