96 күрөөкананын иши убактылуу токтотулду
Мындай чечим алардын колдонуудагы каражатынын көлөмү аз болгонуна байланыштуу кабыл алынды. Күрөөкананын уставдык каражаты 2 миллион сомдон кем болбошу керек деген талапка эми өзгөчө көңүл бурулат. Мындан сырткары кардарларына берилген каражатты кайтарып алууда жылдык үстөгүнө да чек коюлат.