Шергазы Ибраев 50 жылга жакын өмүрүн саламаттыкты сактоо тармагына арнап, жакында эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамына татыды. Учурда ал Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында жогорку категориядагы хирург-дарыгери. Азыркы маалда да оор операцияларга чейин катышып, жаш адистерге өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келүүдө.