Жаңылыктар
"Денеден эч кандай жаракат табылган жок"
Кыргызстан жаңылыктары
"Денеден эч кандай жаракат табылган жок"

"Денеден эч кандай жаракат табылган жок". Жазаларды аткаруу кызматы  Арстан Алайдын өлүмү боюнча комментарий берди

Арстан Алай өзү өмүрүнө кол салып көз жумду. Бул туурасында Жазаларды аткаруу кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 5-январда таңкы саат 5:15те айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев мекеменин атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин Ашкана бөлүмүндө асылып турган сөөгү табылган.

Абдылдаев 15-декбарда Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси боюнча ушул эле кодекстин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган. 16-декбарда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту А.Абдылдаевге карата Бишкек шаарынын №1-тергөө абагында камакка алуу чечимин чыгарган. 28-декабарда врач-психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу А. Абдылдаев "Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген.

№31 мекемеге келгенден кийин, 29.12.2023-жылы айыпталуучу А.Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү ооруп, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлердин дарегине кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган: "такталбаган психотикалык инсандык бузулуу (?). Коронардык жүрөк оорусу (КБС). Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору" жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана РПСБнын шартында врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

05.01.2024-ж.саат 04:52 чамасында айыпталуучу А. Абдылдаев ЖАКтын дарылоо мекемесинин Ашкана бөлүмүнө кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин (болжол менен саат 05:15те) асылган абалда табылган.

Жансыз денени алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул факт АМСнын МЭАЖге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.