Жаңылыктар
Чүй облусунун ирригациялык абалы жакшырат
Аймак
Чүй облусунун ирригациялык абалы жакшырат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун ирригациялык системасынын абалын жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Анын алкагында Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир катар ирригациялык объектилердин абалын көрүп чыкты. Бакыт Төрөбаев №2 суу сактагычынын учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, аны толтуруу үчүн 6 скважинаны калыбына келтирүү ишин тез арада бүтүрүү тапшырмасын берди. Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жаткан Ашмара суу сактагычы курула турган жерди дагы көрүп чыкты.

Ошондой эле облустун аймагында жайгашкан Агермен, Кара-Тума, Макачи, Спартак, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын, Молтобар, Ак-Суу, Шорго декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин жана "Совхозный" каналын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Көчмө жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Президент тарабынан ирригация тармагын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилгенин белгилеп, ага мамлекеттик бюджеттен кошумча 2 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөрүн айтты. Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев кооперативдерге кошулуу тууралуу пикирин билдирип, бул жерлерди суу менен камсыздоону жакшыртууга мүмкүндүк берерин белгиледи.