Жаңылыктар
Бишкекте тапанча менен коркутуп, акчасын алып кеткендер кармалды
Кылмыш
Бишкекте тапанча менен коркутуп, акчасын алып кеткендер кармалды

Бишкекте кеңседеги адамды тапанча менен коркутуп, 425 миң сомун алып кеткен деген шек менен эки киши кармалганын шаардык милиция кабарлады. Өткөн жылдын 3-декабрь күнү Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылган. Бишкек милициясынан маалымдашкандай, жабырлануучу арызында ошол күнү кеңсесинде бейтааныш адамдар аны тапанча менен коркутуп, кассадагы 425 миң 390 сомун алып кетишкенин белгилеген.Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Тоноо" беренеси менен иш козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында Бишкек ШИИББдин кызматкерлери Атайын багыттагы аскерлердин жардамы менен кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрдү. "Алар үчөө болгон. Буга чейин ушул сыяктуу бир катар кылмыштар үчүн соттолушкан. Мындан тышкары бирөөсү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган. Учурда убактылуу кармоочу жайда", — дешти Бишкек ШИИББден. Тергөө уланып жатат.