Жаңылыктар
ИИМ: Түптө баңгизат өндүргөн лаборатория жабылды
Кылмыш
ИИМ: Түптө баңгизат өндүргөн лаборатория жабылды

Түптө баңгизат өндүргөн лабораториянын ишине бөгөт коюлду

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундарынан турган баңги узак убакыт бою Бишкекке “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча, 2023-жылдын ноябрында Аламүдүн райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. 3-январда кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдү кармоо чарасы жүргүзүлүп, Ысык-Көл облусунун Түп районунда милиция кызматкерлери эки жаран бараткан унааны токтотушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча экөө тең мурда соттолгон.

Унааны текшерүү учурунда шектүүлөрдүн бирине таандык күрмөнүн чөнтөгүнөн 255 грамм салмактагы “марихуана” баңги каражатынын өзгөчө белгилери бар, майдаланган, кургатылган чөп түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты табылган. Мындан тышкары, жүк салгычтан сыналгы аныкталып, ал жерден кинескопко катылган салмагы 4305 грамм “гашиш” баңгизаты табылган. Ошондой эле унаанын ичинде салмагы 1615 грамм болгон майдаланган порошок түрүндөгү өсүмдүк заты бар ак желим баштык табылган. Андан аркы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган жарандар алынган баңги каражаттарын Түп районунун аймагындагы кой короолордун биринен жүктөп жибергендиги аныкталган. Буга байланыштуу ИИМдин кызматкерлери Түп райондук милициясынын Тергөө кызматы менен биргеликте аталган жерге барып, сарайдын жер төлөсүнүн ичинде баңги каражаттарды өндүрүүдө колдонулган буюмдар жана каражаттар бар баңги лабораторияны аныкташкан. Ал жерден дагаралар, газ баллондору, торчолор, кол каптар, отверткалар, скотч, кайчы жана спирттүү флакондор табылган. Кармалган жарандар Аламүдүн райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.