Жаңылыктар
Нурланбек шакиев Мохаммад Багер Галибафка көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Нурланбек шакиев Мохаммад Багер Галибафка көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ирандын Керман шаарында болгон терактка байланыштуу аталган өлкөнүн Ислам Кеңешинин Межлисинин төрагасы Мохаммад Багер Галибафка көңүл айткан телеграмма жөнөттү. "Керман шаарындагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келип, көптөгөн жарандарды жарадар кылган террордук акт тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди, ошондой эле жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган анын бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, адамгерчиликсиз жана ырайымсыз чабуулдун натыйжасында жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилейм" - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.