Жаңылыктар
Темир жол тармагын жакшыртуу демилгеси
Кыргызстан жаңылыктары
Темир жол тармагын жакшыртуу демилгеси

Бул жылы өлкөнүн темир жол тармагын жакшыртуу багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашат. Эгемендик алгандан бери алгачкы жолу Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу жүрүп, толук ишке кирсе көмүр ташууда жана жүргүнчүлөрдү тейлөөдө негизги каттамдардын бирине айланат. Андан сырткары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча да үч тарап бир бүтүмгө келген соң курулуш иштери башталат. Кыргыз темир жолу ишканасы кирешени жылдагыдан көбүрөөк таап, өздүк каражатына вагон, рельстерди сатып алып, туристтерди тейлөөчү каттамдарды ишке киргизди.