Жаңылыктар
Индиядагы жол кырсыгынан каза тапкандардын саны жүзгө чамалады
Дүйнө
Индиядагы жол кырсыгынан каза тапкандардын саны жүзгө чамалады

Индияда жүргүнчүлөрдү ташыган поезддин 14 вагону рельстен чыгып кетип, кырсыктан мерт кеткендердин саны  100гө чамалады. 

Жаракат алгандар учурда 200 кишиге жетти. 

Канпур шаарынын полициясынын өкүлүлүнүн айтымында, алардын саны дагы өсүшү мүмкүн. 

Кырсык Пукраян шаарынан алыс эмес аймакта болгон. Адам өмүрүн алган окуянын себептерин азырынча так айтыша элек.