Жаңылыктар
Айланма жолдогу жаңы автобекет
Кыргызстан жаңылыктары
Айланма жолдогу жаңы автобекет

Кийинки аптадан тарта Бишкек автобекети толук ишке кирет. Учурда ишканада акыркы даярдыктар жүрүүдө. Буга чейин аталган мекеме муниципалдык автобустук каттамды киргизип, ал ийгиликтүү ишке ашкан. Ал эми Жибек Жолунда жайгашкан Чыгыш автобекетинин ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай жана сейил багын түзүү пландалып жатыптыр. Бул аракеттердин баары ордо калаанын экологиясын жакшыртуу жана унаа тыгындарын жоюу максатында жасалууда.