Жаңылыктар
Кыргызстандыктар алтындан пайда көрүп баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктар алтындан пайда көрүп баштады

2022-жылга караганда 2023-жылы Кыргызстанда алтын куймаларына акча салуу менен киреше табууга мүмкүн болду. Куйманы жыл башында сатып алып, жыл соңунда саткандар пайда көрүштү. Улуттук банк элдин алтынга инвестиция жасашы же каражатын сакташы үчүн алтын куймаларын 2015-жылдан бери сатыкка чыгарып келет. Сатуу жана кайра сатып алуунун баасы күн сайын Лондондогу баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингинин негизинде аныкталат. Эске салсак, 2023-жылдын башында доллардын расмий курсу 85,7 сомду түзгөн болсо, декабрдын аягында 89 сомдон ашты. Ал эми алтынга болгон дүйнөлүк баа жыл ичинде бир кыйла көтөрүлгөн.