Жаңылыктар
Кыргызстан электр энергиясын төрт өлкөдөн импорттоду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан электр энергиясын төрт өлкөдөн импорттоду

Кыргызстан өткөн жылы электр энергиясын төрт мамлекеттен импорттогон. Бул маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жайгаштырылды. Январдан ноябрга чейинки мезгил ичинде наркы 80,8 миллион доллар турган 2 миллиард 907,4 миллион киловатт-саат электр кубатын сатып алган. Түркмөнстандан 1 миллиард 602,3 миллион киловатт-саат, Казакстандан 832,9 миллион киловатт-саат, Орусиядан 326,5 миллион киловатт-саат, Өзбекстандан 145,6 миллион киловатт-саат энергияны импорттогон. Эске салсак, Кыргызстан Орусиядан биринчи ирет былтыртан тарта сатып ала баштады.