Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров православдарды майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров православдарды майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 7-январда, православ динин туткан кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Президент бул майрам православ динин туткандарды жогорку руханий баалуулуктардын тегерегинде бириктире турганын белгиледи.

"Христианчылык башка конфессиялар менен катар Кыргызстандын социалдык-экономикалык турмушунда маанилүү ролду ойнойт. Эркиндикти сүйгөн элибиздин башкы байлыгы —биримдик. Ата-бабаларыбыздын салтын урматтоо менен достукту, ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Ар бир кыргыз жараны этноско жана динге карабастан бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ", — деген Жапаров.

Мамлекет башчы Рождествону майрамдап жаткан бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакыт жана бакубатчылык каалады.