Жаңылыктар
Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүн териштирүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүн териштирүүдө

Молдовановка айылындагы №31 дарылоо-түзөтүүчү мекемеде көз жумган Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарынын ишине юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, коомчулукта Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Абдылдаевдин каза тапканы 5-январда белгилүү болгон. Жаза аткаруу кызматы ал өз өмүрүнө кол салып көз жумганын айткан. Башкы прокуратура Абдылдаевдин мойнунан электр чайнегинин зымынын изинен башка күч колдонгон жаракаттар аныкталбаганын билдирди. Тиешелүү экспертизалардын бардыгы дайындалып, Юстиция министрлиги атайын комиссия түзгөн.

Белгилей кетсек, Абдылдаев узаган жылдын 15-декабрында диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып УКМКнын Чүй облусу боюнча бөлүмү тарабынан камакка алынган. 16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Абдылдаевдин баш коргоо чарасын карап, 15-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган болчу. 28-декабрда психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу Абдылдаев "инсанияттын такталбаган психикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.



Флаги блока:

На монтаж -- 0Смонтирован -- 0

Носители: