Жаңылыктар
Таш-Көмүрдө “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды
Ден соолук
Таш-Көмүрдө “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр Жалпы дарыгерлик практика борборунда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ачылыш аземи 6-январда өтүп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Талант Мырзабеков катышты. 

Дарыканада маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат. Мамлекеттик аптекаларды ачуунун негизги максаты - калктын жеткиликтүү дары менен камсыздоо маселелерин чечүү. 

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда былтыр Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында, Базар-Коргон, Ноокен, Кочкор-Ата жана Токтогул шаарларындагы Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары ачылган.