Жаңылыктар
Быйыл айыл чарбасына чоң көнүл бурулат
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл айыл чарбасына чоң көнүл бурулат

Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан айыл чарбасы экономиканын негизги тармактарынын бири. Анын үстүнө республика учурда импорттон көз каранды болуп, эң кур дегенде күнүмдүк керектөөбүздү өзүбүз камсыздап, тамак аш коопсуздугунда эгемендикке жетүү максаты турат. Мамлекет бул багытка акыркы мезгилде айрыкча көңүл бөлүп, каржылоону жакшыртты. Анткен менен бул тармак бүгүн кургакчылык, суу тартыштыгы сындуу табигый тоскоолдуктардан өтө албай, инновациялык реформага абдан муктаж болуп турат. Өткөн жыл айыл чарбасы үчүн кандай жыйынтыкталды?