Жаңылыктар
Мамлекет өнүксүн десең мүлкүнө кол салба
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет өнүксүн десең мүлкүнө кол салба

Көп жылдан бери мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап, элдин көйгөйүн чечебиз деп эртеден-кечке иш ордунда отургандардын жалпы журттан сырткары өзүнчө жашоосу бар. Айрымдары элдин казынасына кол салып келсе дагы бирөөлөрү уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышып, жең ичинен кеңешип, далай мыйзамсыз иштерди бүтүргөн. Алардын көбү четинен ачыкка чыгып, аким, мэр, министр, орун басарлары, жетекчилер директорлор айтор ар бир мекеме-ишканалардын башчылары ушундай көрүнүштөрдөн улам жоопкерчиликке тартылды.