Жаңылыктар
Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн россиялык жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн россиялык жаран кармалды

Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн россиялык жаран кармалды. Жаран оор кылмыштары үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны болгон. ИИМдин билдирүүсүнө караганда, Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан ага карата уурулук, зордуктоо, жасалма документтерди жасоо айыбы коюлган. Издөөгө жарыяланган жаран ички иштер органдары колдонуп жаткан заманбап технологиялардын жардамы менен кармалды. 

Бишкектеги жүзүн таануу камералар издөөдө жүргөн жаранды таанып, ал жаран өз мамлекетинде кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси "уурдоо", 131-беренеси "зордуктоо", 327-беренеси "жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү же бланктарды жасоо, даярдоо же жүгүртүү", менен жоопко тартылган. Ага Алтай аймагы боюнча Орусиянын Ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан да издөө жарыяланган.