Жаңылыктар
Балага сүйүнчү алуунун жолдору
Кыргызстан жаңылыктары
Балага сүйүнчү алуунун жолдору

Социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы төрөлгөн ымыркайга берилчү "Балага сүйүнчү" жөлөк пулун алуу жолдорун жарандарга сунуштайт. Сүйүнчүгө арыз берүү үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылса болот. Арызды бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшыруу керек. Акча арыз берилген күндөн 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке которулат. 

Ата-эне акчаны РСК банкынын жана "Айыл банктын" каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тарта 6 айдан кеч эмес мөөнөттө ала алат. Арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл. Себеби акча которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС-билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.