Жаңылыктар
Чүйдө айыл аймактар кантип бириктирилди?
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө айыл аймактар кантип бириктирилди?

Чүй облусунда административдик-аймактык реформанын алкагында 105 айыл аймак ирилештирилип, 49 калды. Ошондой эле, жаңы конуштар кошулуп, Кара-Балта жана Кант шаарлары облустук маанидеги шаарлар болду. Учурда мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, ар бир жаңы бириккен айыл аймактын кызматкерлерин уюштуруу маселелери – архивдерди өткөрүп берүү, электрондук документ жүгүртүү системасын бир тармакка интеграциялоо боюнча окутуу иштери жүргүзүлө баштады.