Жаңылыктар
Борбордо батирлердин баасы кымбаттады
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордо батирлердин баасы кымбаттады

Былтыр Бишкек шаарында кп кабаттуу батирлердин баасы мурдагы жылга салыштырмалуу 19% кымбаттады. Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде ордо калаада 104-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин чарчы метри 22%га, 105-сериядагы үйлөр 25,9%га, ал эми 308-сериядагы 26,7%га ошондой эле жеке жеке турак жайлар 6%га кымбаттаганы байкалган. 

Ал эми шаардагы райондор боюнча рыноктук баада үйлөрдүк эң кымбат баасы Октябрь районуна, андан кийин Биринчи май районундагы турак жайлар, үчүнчү Свердлов району жана арзаныраак үйлөр Ленин районунда жайгашкандыгы белгилүү болду. Сатып алуучулардын арасында кымбат баалуу чарчы метри көп болгон батирлерге караганда 105-106-сериядагы үйлөрдүн 2-3 бөлмөлүү батирлер көбүрөөк суроо талап жаратып, кардарлар көп болгон.