Жаңылыктар
Түшүмдү үшүк алуу коркунучу жаралды
Кыргызстан жаңылыктары
Түшүмдү үшүк алуу коркунучу жаралды

Баткенде аба ырайы жылуу болгонуна байланыштуу, мөмөлүү дарактар бүчүр байлап, айрымдары гүл ачканы тууралуу жергиликтүүлөр билдирди.

Бул боюнча адистер, чындыгында аба ырайы жылдагыдан 3-5 градуска жылуу болгондуктан мөмөлүү дарактар эрте ойгонуп алды дешет. Кокус суук түшсө быйылкы түшүмдү үшүк алуу коркунучу бар экенин айтышууда. Баткендин негизги кирешеси өрүк болгондуктан багбандар кирешесиз калабызбы деп кооптонуп турушат.