Жаңылыктар
Вирустук оорулардан сак болуңуз!
Кыргызстан жаңылыктары
Вирустук оорулардан сак болуңуз!

Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук оорулардан сактанууга багытталган бет кап тагынуу режими март айына чейин уланат. Дарыгерлердин айтымында, сасык тумоо менен ооругандардын саны салыштырмалуу басаңдады. Бирок коронавируска чалдыккандар катталып жатат. Мындан улам, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму санитардык талаптарды сактоого чакырык таштаса, өлкөнүн Саламаттык сактоо министри вируска каршы кайрадан эмдөөдөн өтүп, жарандарды вакцина алууга чакырды. Себеби, илдеттин алдын алуунун бирден бир жолу - эмдөө.