Жаңылыктар
Кыргыздар - Борбор Азиядагы эң байыркы эл
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыздар - Борбор Азиядагы эң байыркы эл

Жакынкы беш жылда Кыргызстандын тарыхы дагы изилденип, жазылат. Мындай ойлорун тарыхчылар айтууда. 

Себеби тарых жаңыланууда, анын үстүнө Енисей, Тянь-Шань кыргыздары боюнча тактай турган жагдайлар абдан көп. Тарых булактарында кыргыздар скиф, гундардын түздөн-түз генетикалык мураскорлору катары айтылат. Эске салсак, Министрлер Кабинети Кыргызстандын тарыхын жана археологиялык-этнографиялык изилдөөлөргө 600 млн сом бөлдү. 

Иштер президенттин “Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” жарлыгынын негизинде ишке ашууда.