Жаңылыктар
УКМК: К.Асанбектин кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу В.Р.Г. кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: К.Асанбектин кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу В.Р.Г. кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан К.Асанбек тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында, 2024-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча каралган кылмышты жасаган деп айыпталып В.Р.Г. аттуу КР жараны кармалды жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгиленгендей, аталган В.Р.Г. К.Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, ошондой эле К.Асанбекке таандык болгон төмөнкү ири объектилердин курулушуна биргелешип катышкан: «Березка» мончо комплекси, «Барс» эс алуу борбору, «Каганат Резорт» эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы «Ордо» соода борбору, ошондой эле «Сейил» шаарчасындагы коттедждер.

Учурда КР УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.