Жаңылыктар
Жер боюнча коррупциялык иштер аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жер боюнча коррупциялык иштер аныкталды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында айыл чарба багытындагы жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүүдөгү коррупциялык фактылар аныкталды. 

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2017-2018-жылдары Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары тарабынан өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы өздөрүнүн пайдасы үчүн айыл чарба жерлердин ордуна жеке менчик ээлеринин жер тилкелерин мыйзамсыз көчүргөн. 

Жер тилкелеринин жайгашкан жерин өзгөртүшкөн, андан кийин Ново-Покровка айылдык округунда Мамлекеттик айыл чарба жерлер фондунун 20 гектар жер аянтындагы жер тилкелерин уруксатсыз басып алуулар жана өз алдынча курулуш иштерин жүргүзүүлөр пайда болуп, жер тилкелери максатсыз пайдаланыла баштаган. Жогорудагы аталган жагдайлардын кесепетинен мамлекеттин кызыкчылыгына оор залал келген. 

Буга карата Чүй облусунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн имаратында жана андан тышкары мыйзамсыз иш аракеттерге катыштыгын тактоо максатында 16 адамдын туруктуу жашаган жерлерине тинтүү жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталып, убактылуу кармоочу жайга кармалышты. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы жана анын орун басары, алар менен Кадастр мамлекеттик мекемесинин эки кызматкери шектелүүдө.