Жаңылыктар
Кара-Кулжада жоголгон малчылар изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кулжада жоголгон малчылар изделүүдө

Оштун Кара-Кулжа районундагы "Казык" жайлоосунан дайынсыз жоголуп кеткен үч малчы жана 800 жандык изделип жатат. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Терек айылынын тургундары болгон бул малчылар 17-ноябрдан бери дайынсыз. 

Туугандары куткаруу кызматына 20-ноябрда кабарлашкан. Кыштак менен жайлоонун ортосу 30 чакырым. 

Тоодо кар калың болгондуктан, куткаруучулар кар тазалоочу жана атайын техникалардын жардамы менен аларды издеп жатат.