Жаңылыктар
Астанадагы катуу сууктан мектептер жабылды
Дүйнө
Астанадагы катуу сууктан мектептер жабылды

Катуу сууктан улам Казакстандын борбору Астана шаарында жана башка бир катар аймактарда мектептерде окуу үзгүлтүккө учурады. 

Астанада 21-ноябрь күнү эртең менен абанын температурасы -29 градусту түзүп, 1-9-класстарга окуу токтоду. 

Костанайда башталгыч класстарга сабакка келбей койгонго уруксат берилди. Карагандада 1-класстан 9-класска чейин, Семей, Усть-Каменогорскто бардык мектептер жабылып, колледждердин 1-2-курстарында окугандар сабакка барышпайт.

Ошондой эле сууктун кесепетинен бензин тартыштыгы жаралганы да кабарланууда.