Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун инвесторлорду коргоо жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө багытталган иш-чаралардын алкагында “мыйзамдагы ууру” деп аталган К.Асанбектин колдоосун пайдаланып орус инвесторлорунун өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдамчылык жол менен өздөрүнө ыйгарып жана өздөштүрүп алган жеке жактар боюнча маалыматтар келип түшкөн.
Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында “мыйзамдагы ууру” деп аталган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү К.Асанбектин кылмыштуу байланыштарын пайдаланып, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, “Новел” мейманканасынын бир нече коттедждерин ээлеп алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1987-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “смотрящий” деп аталган М.К.И. аныкталып, 2023-жылдын 10-январында кармалып, камакка алынды.
Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө- ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.