Жаңылыктар
УКМК: Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөңовдун өнөктөштөрү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөңовдун өнөктөштөрү кармалды

Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөңовдун мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катышкан активдүү өнөктөштөрү кармалды. Мурда маалымдалгандай, УКМК конституциялык түзүлүштү жана эгемендүүлүктү коргоо маселелерин чечүүнүн алкагында Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөңов тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алуу боюнча даярдыктарды көрүү фактысын аныктаган. 

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда экөө тең тергөөдөн жашырынып, кылмыш ишинин алкагында издөө жарыяланган. Алардын айрым негизги тарапташтары кармалып, бийликти кулатуунун кылмыштуу пландарына катыштыгы бар экендиги тууралуу ырастоочу маалыматтар алынды. Ош жана Жалал-Абад областтары боюнча координатордун милдетин аткарып, ар кандай негиздер боюнча массалык нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушу керек болгон, ошондой эле, анын милдеттерине акча таратуу жана адамдарды Бишкекке ташууну уюштуруу кирген. 

Мындан тышкары, Талас облусунан бир жаран алып келинип, кармалды, анын негизги милдети АКШда ар кандай адамдардан акча которууну уюштуруу болгон. Мындан тышкары, Имамидин Ташовдон анын наамына ири өлчөмдөгү акча каражаттары которулгандыгы боюнча бир нече фактылар аныкталган. Ташовдун жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири акча каражаттар, кымбат баалуу унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылып, алынды.