Жаңылыктар
“Туризм жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
“Туризм жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (10-январь 2024-жылы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.“Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы туристтик тармактагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өркүндөтүү, туристтердин жана туризм чөйрөсүндөгү ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.