Жаңылыктар
“Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамына кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
“Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Конституциялык Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган конституциялык Мыйзамдын максаты мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга жарандык коомдун өкүлдөрүнүн натыйжалуу катышуусун камсыз кылуу болуп саналат. 

Аталган конституциялык Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу каралган, ага ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын алдында чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсү үчүн коомдук кеңештер түзүлүшү керек. Коомдук кеңештердин курамына коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, мамлекеттик органдын ишине аралашкан чөйрөлөрдүн эксперттик жамааттарынын өкүлдөрү кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.