Жаңылыктар
Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты болуп Кыргыз Республикасынын Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов, Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик, Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек, Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач, Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал, Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай, Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил жана Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү эсептелет. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.