Жаңылыктар
УКМК: Салык кызматкери пара менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Салык кызматкери пара менен кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2- бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон районунун базарларындагы жеке ишкерлерден салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

2024-жылдын 11-январында соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн ыкчам- иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Жалал- Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Д.К.Т. кармалып, Кыргыз Республикасынын тергөө абагына киргизилди.

Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башчысы карамагындагы кызматкерлер ишкердиктин субъектилеринин арасында аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн алардан туруктуу негизде акча алып жүргөндүгү аныкталды.