Жаңылыктар
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу болгонун айткан. 

Ошондой эле манасчы Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына Манастын эстелигин орнотуу боюнча пикирин Камчыбек Ташиев колдогонун жазган. Эскерте кетсек «Манас айылы» этнокомплексинин мурдагы жетекчиси Дөөлөт Сыдыков 2022-жылдын май айында өлкөдөн чыгып кеткен.