Жаңылыктар
Салык кызматы лотереянын ордуна кассалык чектерди талап кылуу боюнча акцияны ишке киргизет
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы лотереянын ордуна кассалык чектерди талап кылуу боюнча акцияны ишке киргизет

Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы аягына чыкты, анын ордуна кассалык чектерди талап кылуу боюнча чоң акция башталат.

Салык кызматы жарандарды товар же кызмат сатып алган сайын кассалык чектерди талап кылууга жана чогултууга чакырат. "Салык чек" тиркемеси кассалык чектерди сканерлөө үчүн ишенимдүү курал бойдон калат.

Жакынкы арада Салык кызматы жаңы акция тууралуу, анын ичинде катышуу шарттарын жана байгелердин тизмесин сунуштайт.

Эскерте кетсек, 2023-жылы Салык кызматы лотереянын эки этабын өткөрүп, анын жүрүшүндө 2376 баалуу байге ойнотулган. Алардын ичинен 10 батир, 20 электромобиль жана 6 чет өлкөгө жолдомо ойнотулду.