Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев УКМКга суракка келди
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев УКМКга суракка келди

Жогорку Кеңештин депутаты УКМКга суракка келди. Эскерте кетсек, 10-январда парламент аны мыйзамсыз чек араны өтүү фактысы боюнча жоопкерчиликке тартууга уруксат берген. Бирок 9-январда Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңеш чечим кабыл алганга чейин белгисиз себептерден улам жумуш ордунан качып кеткен. 

10-январда парламенттик жыйында депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланган маалда УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев Эмил Жамгырчиев өз каалоосу менен суракка келген учурда кармалбай турганын билдирген. 12-январда УКМК Парламенттеги «Альянс» фракциясынын лидерине депутаттын суракка келишим камсыздап берүү тууралуу кайрылуу жөнөткөн. 

Ушул эле күнү Эмил Жамгырчиев жактоочусу менен бирге УКМКга сурак берүүгө келип, тиешелүү териштирүү иштеринен кийин кайра УКМК чакырганда келип бере тургандай милдеттеме алып кое берилди. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары аяктар алдында турат. Жакын арада жыйынтыкталып, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлөт.