Жаңылыктар
Баткенде 23 жаштагы келин кызынын көз алдында өлтүрүлгөн
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде 23 жаштагы келин кызынын көз алдында өлтүрүлгөн

Ушул жылдын 2-январында Кадамжай районунун Исхак Полотхан айыл аймагында өзүнүн күйөсү токмоктоп, 23 жаштагы келин каза тапкан. Маркумдун жакындары кылмыш боюнча акыйкат тергөө болуп, күнөөлүү мыйзам чегинде жазасын алуусун суранышууда. 

Келин жаш кызынын көз алдында мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн, денесинде бүтүн жери калбаганын айткан жакындары Президентке жана Камчыбек Ташиевге кайрылышты.