Жаңылыктар
Нарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу маселеси каралды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу маселеси каралды

Нарын облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук фактыларын алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Маалыматка ылайык, жыйында президенттин өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров тарабынан тиешелүү тармактын кызматкерлерине коомдук уюмдар менен бирге бирдиктүү иш алып барып, терс көрүнүштөрдү алдын алуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле өз деңгээлинде иш алып барбагандарга чара көрүлөөрү эскертилди.