Калың кардан улам кыйын кырдаалга тушуккан Оштун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал, Капчыгай, Кызыл-Жар айыл аймактарына электр энергиясы толугу менен берилди. Ал эми Алайкуу айыл аймагында жарык жок. Электр зымдарын калыбына келтирүү иштери уланууда.
Кырдаалга байланыштуу бир катар айылдарда мектептерде окуу токтогон.
Электр энергиясынын жоктугунан улам телефон менен да уюлдук телефондор менен да байланыш дээрлик үзүлгөн.
Аталган аймактарда ат менен гана жүрүүгө мүмкүн экенин жергиликтүү тургундар белгилешүүдө.
Эске сала кетели, 17-ноябрда түнкүсүн Кара-Кулжада бир метрден ашкан калың кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында ички жолдор жабылып, электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, эл жарыксыз калган.
Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"