Жаңылыктар
Өлүмгө себеп болгон дарыгер кармалды
Кылмыш
Өлүмгө себеп болгон дарыгер кармалды

Тиш тазалатууга барып чарчап калган үч жашар наристенин окуясы боюнча 31 жаштагы тиш дарыгери кармалды

Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы кабарлады. Маалыматка караганда, ал кесиптик милдеттерин так аткарган эмес деп айыпталууда. Кылмыш иши козголуп, аял Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Экспертизанын жыйынтыктары бөбөк "препараттарды колдонгондо өрчүп кеткен анафилактикалык шоктон" улам көз жумганын көрсөткөн. Эске салсак, декабрда Бишкектеги менчик стоматологиялык клиникалардын биринде үч жаштагы кыз каза болгон. Жакындары анын тишин тазалатканы алып барып, наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан. Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирип, клиника тергөө аяктаганга чейин убактылуу жабылган.