Жаңылыктар
ӨКМ альпинистти куткарып калды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ альпинистти куткарып калды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары мөңгүдө калган россиялык альпинистке жардам беришти

Бутунан жаракат алган альпинистти "Рацек" мөңгүсүнөн ары 3 800 метр бийиктиктен эвакуациялашкан. Турист дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы канааттандырарлык. 12-январда ӨКМге туристтик компаниялардын биринен чалышып, Ак-Сай капчыгайындагы "Хижина Рацека" жайында россиялык альпинист бутунан жаракат алганын кабарлаган. ӨКМдин куткаруучулары жерине саат 13:30да тик учак менен барып катуу шамалда "Рацек" мөңгүсүнөн ары 3 800 бийиктиктеги туристти алып кетишкен. Альпинист учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы канааттандырарлык, анын өмүрүнө коркунуч келе турган эч кандай кооптонуу жок.