Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоо кызматы KG авто унаа номерлерин жок кылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик каттоо кызматы KG авто унаа номерлерин жок кылды

Мамлекеттик каттоо кызматы KG авто унаа номерлерин жок кылды. Анда  Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн  124 авто унаа номери алынган. Эми Президенттик Апараттын номерлери дагы алынып жок кылынат. Ошондой эле апрель айынан тарта жаңы авто унаа номерлерин колдонууга берүү мерчемделүүдө.

Андан сырткары Каттоо кызматты жаңы иштелип чыккан номерлер апрель айынан баштап берилээрин кабарлайт. Бул ирээт номерлер Каттоо кызматты өздөрү даярдап, колдонууга берет. Анткени буга чейин авто унаа номерлери жеке компаниялар даярдап келген.Ал номерлер эч кандай өзгөчөлүктөр ээ болбойт. Жада калса күч, өзгөчө кырдаалдар түзүмдөрү жөнөкөй номерлерди алышат.  Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев мындай аракеттер жолдо жарандардын укугу жана жоопкерчилиги бирдей болуп, артыкчылыктан арылтуу экендигин кошумчалайт.

Ошондой эле коомчулукта катуу талкууланган, Нурайым, Кыргыз, Чика  деп жазылган  жасалма номерлер катуу көзөмөлгө алынат.