Жаңылыктар
2017- жылдын бюджети 23 миллиард тартыштык менен каралууда
Экономика
2017- жылдын бюджети 23 миллиард тартыштык менен каралууда

Финансы министрлиги бир катар министрликтер менен мекемелерге бөлгөн бюджеттик каражаттарды кайрадан кесип алды. Кайтарылган акча 2 миллиардды түзөт деп финансы министрлиги  белгилесе, ЖК тармактык комитетинин орун басары бул каражат бюджетте деги эле болбогонун айтат. 

2017- жылдын бюджети 23 миллиард тартыштык менен каралууда, Бажы жана Салык кызматы өздөрүнө койгон планды аткара албай жатканын эске алганда кийинки жылы да ушундай көрүнүш кайталанабы? Эксперттер болсо мамлекеттик казынанын каражаты социалдык тармактарды кармап турууга гана багытталып, өнүгүүгө жумшалбай жатат деп сынга алышууда.  

Эске сала кетсек финансы министрлиги 9 айдын жыйынтыгы менен бюджеттин корголбогон беренелерин 30 пайызга чейин кыскартууга барды. Бирок ЖК депутаты Алтынай Өмүрбекова ал авторитеттүү делген  министрликтер менен кызматтарды кайгып өткөнүн, кыскартуулар социалдык тармактар үчүн болуп калганын парламент жыйынында айтып чыкты. Ал эми финанасы министрлигин жалпы бюджети 501 миллион долларды түзөт. Өткөн жылы финансы министрлиги кымбат баалуу планшет , кресло сатып алуу үчүн жарыялаган тендери менен коомчулуктун катуу сынына  кабылган эле.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"