Жаңылыктар
Бишкекте коомдук транспортко жол кире көтөрүлбөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте коомдук транспортко жол кире көтөрүлбөйт

Бишкек шаарында коомдук транспорттун жаңы тарифин киргизүү мөөнөтү жылдырылды. Буга чейин өткөн жылдын 17-дкабрында муниципалдык автобус-троллейбустар 17 сом ал эми маршруттук каттамдар 20 сомдон болору айтылган. Жаңы тариф 15-январдан баштап киргизилери маалымдалган. 

Мындай талап Бишкек шаардык кеңешинин сайтына расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирмек. 

Азырынча бул документ иштери толук аягына чыга электигине байланыштуу, шаардык транспорт каттамдары жарандарды эски тариф боюнча тейлешет. Азыркы тариф автобус-троллейбустарга 11 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми маршруттук каттамдар 15 сомдон жургүнчүлөрдү ташыйт.